Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуКара-Суу району 31.05.2019 11:15 На русском

Кара-Сууда 54 жылдан бери оңдолбогон балдар лагери үчүн марафон уюштурушту (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү «Ак-Тилек» балдар лагерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн марафон уюштурулду. Бул тууралуу Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Марафонго райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, жеке жана коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар катышкан. Иш-чара концерттик программа менен коштолгон. Марафондун жыйынтыгында 300 миң сомдон ашык акча каражаты топтолду.

«Ак-Тилек» балдар лагеринин имараты 1965-жылы курулуп, ошондон бери бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×