Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуАлай району 31.05.2019 17:06 На русском

Классташтар айылдашына үй куруп жатышат. Бирок тамдын ээси көз жумган

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы жаштар жакыр жашаган айылдашынын үй-бүлөсүнө үй куруп жатышат. Бул тууралуу демилгечилердин бири Бегали Тажибаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, 1993-жылы туулган классташтар биригип, жакында көз жумган айылдашы Асылбектин үй-бүлөсүнө жардам берүүнү чечишкен.

«Айылдашыбыздын артында 5 баласы калды. Алар айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлө болчу. Үйү дагы эски. Ошондуктан 2 бөлмөлүү үй курууну колго алып, учурда пайдубалы тургузулууда. Буюрса курулуш иштери ушул жылдын август айынын аягына чейин толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет», - дейт Б.Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×