Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 31.05.2019 12:33 На русском

Блогер менен милициянын чыры: 4 кызматкер жумуштан алынды. Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзүн блогер катары тааныштырган Бауржан Кадырбековдун кылмыш ишине байланыштуу Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнүн 4 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, жумуштан бошотулган кызматкерлерден тышкары дагы 6 милиционерге сөгүш жарыяланган.

«Коомчулукка белгилүү болгон Өзгөн районундагы Бауржан аттуу блогердин иши боюнча 4 кызматкер иштен алынды. Алар кызмат учурунда милиция кызматкерлеринин атына шек келтирип, ишине шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн жумуштан бошотулган. Бауржандын апасынын арызы боюнча учурда тергөө иштери башталды», - деди Жеңиш Ашырбаев.

Буга чейин Turmush басылмасы 18-майда №25 убактылуу кармоочу жайдан бошотулган Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылынын 32 жаштагы тургуну Бауржан Кадырбеков Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып чыкканын жазган.

Бауржандын айтымында, ал 8-май күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан негизсиз, жалган жалаа менен камалган. Ал убактылуу кармоочу жайда аны милиция кызматкерлери ур-токмокко алышып, анын кесепетинен эки бутунан жаракат алганын билдирген.

«6-май күнү “Турсунбай-Ата” дүкөнүнөн мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү видеого тартып жатканда эки жигит менен уруша кеткем. Алар менин аброюма шек келтирген сөздөр менен тилдешкен. Анан мен милицияга телефон чалгам. Алар келип, "Өзгөн РИИБге арыз менен кайрылыңыз" деп, окуяны каттоого алышкан. Эртеси мени жана дүкөндө айтыша кеткен эки жигитти РИИБге чакыртышты. Ал жакка барсам, эки жигиттин бирөөсү апасын ээрчите барыптыр. Милиция бөлүмүндө ал жигиттин апасы менен айтыша кеттим. 8-май күнү РИИБдин кызматкерлери мени ошол аял жазган арыздын негизинде камап коюшту. Мен дагы ал аялдын үстүнөн, андан тышкары анын инисинин жана баласынын үстүнөн РИИБге арыз менен кайрылгам. Аларга чара көрүүнүн ордуна мени негизсиз камап салышты. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Өзгөн районунун төрт тургуну менин үстүмдөн “биздин дүкөндөрдү видеого тартып, акча бербесек, интернетке чыгарып салам деп акча талап кылууда” деген арыз жазышыптыр. Милиция кызматкерлери мени сабашты. Ар кандай ыкмалар менен коркутушту», - деген Б.Кадырбеков.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматованын айтымында, Б.Кадырбеков тапшырган анализдердин жыйынтыктары жакшы болуп чыккан.

«Бауржан Кадырбеков бизге 19-май күнү кайрылган. Ал эки балдакты таянып келген. Келгенде эле абалы менен таанышып, тиешелүү анализдерди алып, кан басымын, дене табын текшергенбиз. Томографиядан өткөн кагаздары да бар. Анда омуртка сөөктөрү жайында болуп, жаракат албаганы аныкталды. Өзү сол буту жакшы кыймылдабай, көп баса албай жатканын айтууда», - деген дарыгер.

Ал эми Өзгөн РИИБдин жетекчиси Таалайбек Болтаев Б.Кадырбеков милиция бөлүмүндө сабалбаганын айткан.

«8-май күнү Бауржан Кадырбековго Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна (бейбаштык) ылайык жана опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки күнгө камалган. Анан Өзгөн райондук сотунун чечими менен 1 айга камакка алынган. Сабалганы боюнча айтканы сот залындагы, убактылуу кармоочу жайдагы видеокамераларга түшүп калган тасмаларга дал келбейт. Бизде да далилдер бар. Биз анын кандай бала экенин билебиз. Ошондуктан аны чертүүдөн да кооптонгонбуз», - деген Таалайбек Болтаев.

Жактоочу Улукбек Бакыев 21-май күнү Бауржандын апасы Пашахан Мураталиева «Аруузат» аялдар коому менен биргеликте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгына, Ош шаардык прокуратурасына уулу милиция тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча арыз менен кайрылганын билдирген.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Өзгөн районундагы дүкөндө видеого туура эмес сүйлөп, өз ишине шалаакылык менен мамиле жасаганы түшүп калган милиция кызматкерлерине кызматтык иликтөө аяктагандан кийин жаза берилиши мүмкүн экенин билдирген.

«Бауржан Кадырбековдун апасы Пашахан Мураталиева УКМКга, Ош шаардык прокуратурасына, ошондой эле Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматына уулу Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча доо арызы менен кайрылган. Бүгүнкү күндө иш акыйкатчынын көзөмөлүндө, андан тышкары Кыйноолорго каршы мамлекеттик борбор бул иштен кабардар», - деген Жеңиш Ашырбаев.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×