Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 31.05.2019 16:51 На русском

Апасы Россияда иштеп жүргөн: Мыкты окуган Самат «салыктын» айынан бычакталдыбы? Видео

Turmush -  Ош шаарында өзү окуган мектептин алдынан бычакталган өспүрүмдүн туугандары анын өлүмүнүн анык себеби аныкталбаса ар кандай кадамга бара турганын бүгүн, 31-май күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Кечээ, 30-май күнү Ош шаарындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинде 8-классты аяктап жаткан Самат Ахматов курсагына сайылган бычактын кесепетинен ооруканада көз жумган. Бүгүн аны Ош шаарында акыркы сапарга узатышты.

Каза болгон окуучунун эжеси Динара Тутаеванын айтымында, Самат бирөөнү урмак түгүл, катуу сөз айтпаган бала болчу.

«Инибизден айрылып, ичибиз күйүп жаткан чагыбыз. Баланын өлүмү боюнча укук коргоо органдары тарабынан туура чечим чыгарылышын талап кылабыз. Орозонун ыйык күнүндө инибизден айрылып, зар какшап отурабыз. Аны өлтүргөн бала өз жазасын албаса, аны тынч койбойбуз. Чындык үчүн бардык кадамдарга барабыз», - деди Д.Тутаева.

Маркумдун чоң апасы Айжаркын Мияшева Самат үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң улуусу экенин айтты. Ал эми апасы Россияда иштеп жүргөн.

«Ата-эне үчүн баланын өлүмүнөн өткөн күйүт жок. Эч кимди үмүт менен чоңойтуп жаткан баласынан айрыбасын. Апасы балдарын багып, үй куруу үчүн Россияда иштеп жүргөн. Ал Кыргызстанга келип, баласын таппай калды. Балабызга 3 бала кол салып, бирөөсү бычак сайган. Эмне үчүн мектептин тегерегинде бычак көтөрүп жүрөт? Биздин угушубузга караганда, бычак сайган бала мектептен мектепке которулуп, "айдалып" жүргөн бала экен. Учурда Ош шаарындагы медреселердин биринде билим алып жатыптыр. Саматты урган, бычактаган балдар жазасын алсын», - деди А.Мияшева.

Маркум Саматтын дагы бир эжеси Кулпунай Дүйшөбаева бычак сайган балдардын туугандары бир дагы жолу алардан кабар албаганын, балдарынын айыбын жабуу үчүн милицияда туура эмес көрсөтмө берип жатышканын билдирди.

«Бычак сайган баланын ата-энеси бир дагы жолу келип, кабар алып койгон жок. Балдар иниме салык салышы мүмкүн. Бычак сайган бала аталган мектепте окубаса, эмне үчүн достору менен келип, бир баланы ортого алып, бычак сайышат. Аймактык милиция эмнени карап жатат?», - деди К.Дүйшөбаева.

Ал эми Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Нилуфар Кадырованын айтымында, ал Саматты ооруканага алып барып, операцияга киргенче жанында болгон.

«Баланын каза болгонуна дагы деле ишене албай жатам. Ал өлбөй турган бала эле. Мага окуучулардын бири келип, сыртта бир окуучуга бычак сайып кетишкенин айтты. Ким экенин билбей, дароо сыртка чыксам Самат экен. Дароо эле унаага салып, ооруканага алып бардык. Мен Саматтан ким бычак сайганын сураганга үлгүргөн жокмун. Сакайгандан кийин сурайм деп "мен сенин жаныңдамын, сен чыкканча күтүп турам" деп айтып жаттым. Кийин аны операцияга алып кирип кетишти. Дарыгерлер болгон аракетин көрүштү, бирок балабыздан айрылып калдык», - деди Н.Кадырова.

Мектептин директору Татьяна Хореванын айтымында, балдардын жаман жолго түшүшүнө миграция маселеси да себеп болууда. Анткени балада көйгөй жаралса, ал алгач мугалимге эмес, ата-энесине кайрылат.

«Самат сабактарды мыкты окугандыктан, ошол күнү орус тили сабагынан боло турчу сынактан бошотулган. Бирок ал мектепке классташтарына жардам берүү үчүн келген экен. Буга чейин Саматтын бир дагы чыр ишке катышканын уккан дагы, көргөн дагы эмесмин. Ал активдүү балдардын бири болчу. Ата-энелерге "балдарыңыздарды кароосуз калтырбагыла" деп кайрылып кетет элем. Ал эми кылмышка шектелип жаткан баланы буга чейин көргөн эмеспиз. Биздин мектепте жалпысынан 1 миң 818 окуучу билим алат. Буга чейин окуучунун өлүмү менен коштолгон окуя болгон эмес», - деди Т.Хорева.

Саматтын класс жетекчиси Калыс Тороева да анын өтө күйүмдүү бала болгонун билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүн, 31-май күнү Ош шаардык соту 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары кармалган 15 жаштагы Д.у.Н.нын баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинин негизинде (ден соолукка оор зыян келтирүүү) кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

------------------------------

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында каза болгон 8-класстын окуучусуна медреседе окуган өзүнөн бир жаш улуу бала бычак сайганын жазган. Өспүрүм Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасында көз жумган.

Каза болгон өспүрүм окуган мектептин күзөтчүсүнүн айтымында, Самат ичин кармап, мектептин короосуна араң кирип, отуруп калган.

«Чуркап барып "эмне болду?" десем, “бычак менен сайып кетишти” деди. Дарбазадан чуркап чыксам, үч бала качып жөнөдү. Ошол учурда мектептин алдына бир унаа келип, токтоп калды. Алар баланын жарадар болгонун көрүп, дароо унаасына салып кетишти. Дарбазанын сыртында видеокамералар жок. Мектептин короосунун ичин гана көрүүгө болот», - деген күзөтчү.

Бычактан жаракат алган Самат Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилген. Оорукананын жетекчиси Кыялбек Ташболотовдун айтымында, сайылган бычак узун болуп, каза болгон окуучунун бөйрөгүнө чейин кирип кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×