Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 31.05.2019 18:21

Ошто былтыр экономикалык жана коррупциялык кылмыштардан 118,9 млн сом зыян келтирилген

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облусунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштердин саны 53 пайызга өстү. Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 12 айында Ош облусунун тергөө органдары тарабынан козголгон кылмыш иштеринин ичинен кызматтык кылмыштардын саны 96 учурдан 230 учурга өскөн. Алардын ичинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы 40дан 86га, кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу 9дан 18ге, шалаакылык фактысы 4 учурдан 12 учурга өскөн жана кызматтык жасалмачылык 17ден 16га азайган.

2018-жылдын 12 айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан коррупциялык 88 факт катталып, аларга козголгон кылмыш иштердин тергөөсү аяктаган (кыскартылган кылмыш иштери жана кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндө материалдар менен биригип). Алардын негизинде келтирилген зыян 118 млн 907 миң 765 сомду түзүп, анын ичинен 109 млн 586 миң 473 сому өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×