Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуӨзгөн району 31.05.2019 19:01

Өзгөндө 22 жаштагы жигит түндө дүкөндөрдөн ири өлчөмдөгү акча жана буюмдарды уурдап жүргөн

Turmush -  Өзгөн шаарында дүкөндөрдөн ири өлчөмдөгү акча каражатын жана буюмдарды уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 1-майында Жылалды айыл өкмөтүнүн Кызыл-Маяк айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.С. Өзгөн РИИБге арыз менен кайрылган. Ал 1-майда түнкү 03:30 чамасында белгисиз адамдар Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Самсунг» дүкөнүнүн айнегин сындырып, ичинен 5000 сом жана 85 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин билдирген.

Ошондой эле Өзгөн шаарынын 1994-жылы туулган тургуну М.С. 1-майга караган түнү саат 04:00 чамасында Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан уюулдук телефон сатуучу дүкөндөн белгисиз адамдар жалпы суммасы 35 миң сомду түзгөн уюулдук телефондорун уурдап кетишкенин билдирген.

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү Жангакты айылынын 1977-жылы туулган тургуну Б.А. 26-апрелге караган түнү саат 24:00 чамасында белгисиз адамдар Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылында жайгашкан «Үч көчө» мончосунун кийим чечүүчү бөлмөсүнө калтырып койгон кийиминин чөнтөгүнөн 10 миң 200 сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар боюнча Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерлерге барып, кароо жүргүзүшкөн жана аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде (Уурдоо) сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, Өзгөн РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам издөө иш-аркеттеринин натыйжасында жалпы суммасы 135 миң 200 сомдук буюмдарды жана акча каражатын уурдоого шектүү катары Өзгөн районунун Жылалды айылынын 1997-жылы туулган тургуну Т.Р. кармалган. Шектүү убактылуу Ош шаарындагы №25 тергөө абагына киргизилди жана учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×