Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 01.06.2019 16:39

«Эмаком» компаниясы 350 балага акчалай жардам берип, азык-түлүк таратты

Turmush -  «Эмаком» курулуш компаниясы Ош, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган мектеп-интернаттарга жардам берип, азык-түлүк таратты.

Компаниянын президенти Эмилбек Жусупов Ош шаарындагы №12 мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жардамчы мектебине барып, балдарга акчалай жардам көрсөтүп, азык-түлүктөр менен камсыздаган. Ага улай Даун синдрому менен жабыркаган балдар жайгашкан борборго барып, мекемеге азык-түлүк, балдарга акчалай жардам берди.

«Балдар биздин келечегибиз. Биз келечек ээлерине кам көрсөк гана күчтүү коом түзүлөт. "Дени сак улут — күчтүү мамлекет" деп бекеринен айтылбаса керек. Дени сак бала дени сак үй-бүлө курат. Дени сак үй-бүлө мамлекетти курат. Ошондуктан балдарга кең келечек, бекем ден соолук каалайм», - деди Э.Жусупов.

Ошондой эле ал Ноокат шаарындагы ВИЧ/СПИД илдетинен жабыркаган балдардан кабар алып, борборго азык-түлүк тапшырып, балдардын ата-энелерине акчалай көмөк көрсөттү. Аны менен катар Кызыл-Кыя шаарындагы интернатка барып, андагы балдардын абалын сурап, акчалай жана азык-түлүк иретинде жардам берди.

Ал балдар менен жолугушууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кароосуз калган балдарга жардам берүү ар бир жарандын милдети экенин айтып, мындан ары да көмөк көрсөтүп турарын билдирди.

«Калктын аярлуу катмарына, кароосуз калган балдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, ар кандай илдеттен жабыр тарткан адамдарга «Эмаком» компаниясы жардам берүүнү улантат», - деди Жусупов.

Аталган компания буга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын чет өлкөлөрдө жасала турган операциясына жардам берип келген.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө «Эмаком» компаниясы жалпы 350 балага акчалай жардам берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×