Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуНоокат району 01.06.2019 18:53

Ноокатта Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

Turmush -  Ноокат районунда 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага аким Д.Маматалиев, мэр Ж.Нурдинов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Анын алкагында балдарга балмуздактар таратылып, аттракциондор акысыз иштеди.

Концерттик программанын алкагында ар улуттун бийлери аткарылып, ал эми маданият үйүнүн кызматкерлери балдарга жагымдуу маанай тартуулашты. Концерттик программага кичинекей балдар жана кыздар дагы катышкан. Ошондой эле иш-чара шашки ойноо боюнча мелдеш, сүрөт тартуу сынактары менен коштолду.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокат шаардык мэриясы жана башка мекеме-ишканалар тарабынан балдарга акчалай сыйлыктар, белектер, окуу куралдары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×