Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 02.06.2019 09:13

Ош шаарында 700 адамга ифтар уюштурулду

Turmush -  Ош шаарында 31-майда Рамазан айына карата ифтар уюштурулду.

Ага шаардын 700гө жакын тургуну, 7 муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, кварталдык комитеттер, аксакалдар, уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, диний ишмерлер чакырылды.

Анда шаардын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Атабаев Самидин кары сүйлөп, орозо айы жана кадыр түн тууралуу айтып беришти. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов иш-чаранын катышуучуларын орозо айы менен куттукташып, калоо-тилек айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×