Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 02.06.2019 08:25

Оштун «Алай» клубу өз талаасында Бишкектин футболчуларын жеңди

Turmush -  Ош шаарында 1-июнда футбол боюнча жергиликтүү «Алай» клубу менен Бишкек шаарынын «Илбирс» клубу беттешип, «Алай» клубу атаандашын 4:3 эсебинде утуп алды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, оюндун башында эле «Илбирс» клубу активдүүлүгүн көрсөтүп, алгачкы голду киргизишти. Арадан көп убакыт өтпөй, «Алай» клубу 1 гол менен жооп берди.

Оюндун экинчи таймында «Алай» клубу активдүү чабуулга өтүп, эки голдон кийин эсеп эки эсе болду. Андан соң «Алай» клубунун жаш чабуулчусу «Илбирс» клубунун дарбазачысы менен жеке чыгып, гол киргизди. Бирок бул эсеп көпкө турган жок. «Илбирстин» активдүү чабуулдарынан кийин эсеп 4:3 менен жергиликтүү клубдун пайдасына чечилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×