Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 02.06.2019 11:44 На русском

Ошто каналдагы сууга кулаган баланы куткарып калышты

Город Ош
Город Ош

Turmush -  Ош шаарында каналдагы сууга кулаган баланы куткарып калышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Алардын айтымында, окуя 1-июнда саат 23:00 чамасында «Дуэт» сейил багында болгон.

«Биз паркта балмуздак жеп отурганбыз. Бизден обочо жерде 4-5 жаштардагы бала кокустан каналга түшүп кетти. Курсташыбыз Алишер Халилов каналга секирип түшүп, баланы тез арада куткарып калды. Бир аз эле кечиксе окуя жаман аяктамак. Алишердин ачкычы, телефону жараксыз болуп калыптыр», - деди күбө.

Учурда сууга кулаган баланын абалы жакшы. Аны куткарып калган жаран ӨКМдин кызматкери болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×