Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 03.06.2019 15:00 На русском

Ошто көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулуп, ишканага айып пул салынды (толукталды)

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулуп, аны куруп жаткан курулуш компаниясына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын юристи Канат Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үйдү «Модерн стиль» ЖЧКсы куруп жаткан.

«Аталган компания көп кабаттуу үйдү 3-кабатына чейин тургузуп койгон. Учурда ЖЧКнын иши токтотулуп, 200 миң сом айып пул төлөө боюнча Ош облустук соттун чечими чыккан», - деди К.Жумабаев.

«Модерн стиль» компаниясынын жетекчиси Шарапат Мажитова Мамэкотехинспекциянын маалыматын четке кагып, 100 миң сом айып пул гана төлөгөнүн билдирди.

«Мамэкотехинспекция 1,5 ай мурдагы маалыматты бериптир. Туура, айып пул төлөгөм, бирок суммасы 100 миң сом болчу. Андан кийин облустук сот тарабынан уруксат берилген. Учурда Жогорку сотко документтер туура экенин жана уруксат бар экенин далилдеген кагаздарды даярдап жатабыз», - дейт Шарапат Мажитова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×