Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 03.06.2019 09:57

Ошто «Шумкар» атайын багыттагы полку балдарды реабилитациялоо борборуна жардам берди

Turmush -  Ички иштер министрлигине караштуу «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальону 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы балдарды реабилитациялоо борборунан кабар алды.

Батальондун командиринин орун басары Бурулуш Арзымбаев баштаган өздүк курам, наристелерди майрамы менен куттуктап, акчалай жардам көрсөтүштү. Б.Арзымбаев балдарга чын ден соолук каалап, аларга болгон камкордук мындан ары да уланарын белгиледи.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

«Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальону 2014-жылдан бери аталган балдардын реабилитациялык борборун өз камкордугуна алып, ар тараптан жардам көрсөтүп келет.
2016-жылы өздүк курам тарабынан борбордун эскилиги жеткен суу түтүктөрүн жаңылап алмаштыруу үчүн 13 миң сом өлчөмүндө каражат берилген. Андан тышкары кир жуучу каражаттар тапшырылган.

«Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы 3-батальонунун кызматкерлери тарабынан чарбалык иштерге да жардам көрсөтүлүп келет. Ушундай эле иштер Баткен, Жалал-Абад шаарларындагы өзүнчө роталарда да уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×