Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуАлай району 03.06.2019 10:19

Алайда жаш балдарга таттуулар жана балмуздак таратылды (сүрөт)

Алай району, "Алымбек датка" сейил багы
Алай району, "Алымбек датка" сейил багы

Turmush -  Алай районунда Эл аралык балдарды коргоо күнү Гүлчө айылындагы «Алымбек датка» сейил багында белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу ачты. Андан кийин Алай районунун акими Замирбек Молдокулов бала бакчалардын эмгек жамаатын жана бөбөктөрдү куттуктап, ар бир бала бакчага райондук администрациянын атынан белектерди жана таттууларды тапшырды.

Салтанат концерттик программа менен коштолду жана бөбөктөр үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Турмуш шарты оор, жалгыз бой ата-эненин балдарына демөөрчүлөр тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Жогорку Кенештин депутаты Улан Примов (КСДП) жана Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан жалпы 70 балага окуу куралдары менен сумка тапшырылды. Андан тышкары майрамга келген бөбөктөргө акысыз балмуздактар таратылды.

Алай районунда 27 бала бакча иштейт жана аларда 2 миң 795 бала тарбияланат. Жалпысынан 146 тарбиячы эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×