Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуӨзгөн району 03.06.2019 10:19

Өзгөндөгү жатак орто мектебине жардам берилди

Turmush -  Ош облусунда «Балдарга мээрим» жумалыгы уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан Марат Разаков атындагы ата-энесинен ажыраган балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары билим алган жатак орто мектебинде болду.

Ушул жылы мектептин короосу жана жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, тапчандар коюлган. Эми балдарга интернет аркылуу сабак өтүүгө ыңгайлаштырылган сыналгы белек кылынды. Мындан сырткары Өзгөн райондук администрациясы балдардын жайкы эс алуусуна каражат бөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×