Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 03.06.2019 10:43

Ош шаарында 4 кабаттуу имарат жана мейманкана бузулушу мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу имарат бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын юристи Канат Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, аталган имаратты «Евростиль» курулуш компаниясы куруп жаткан.

«Бүгүнкү күндө курулушту токтоттук. Компанияны сотко берип, Ош шаардык соту биздин арызыбызды канааттандырды. Эми сот аткаруучулар мэрия менен биргеликте имаратты бузуп, жерди мурунку калыбына келтириши керек», - деди К.Жумабаев.

Ошондой эле шаардагы А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан «Тумар» мейманканасынын имараты суу коргоо зонасынын аймагына жайгашып калгандыгына байланыштуу бузулушу мүмкүн. Ош шаардык соту аны бузуу тууралуу чечим чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×