Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуКара-Суу району 03.06.2019 10:59 На русском

Кара-Сууда 13 жаштагы кыздын асынып турган денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда 13 жаштагы кыз өз үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

13 жаштагы М.А. өз үйүнүн бастырмасында асынып алганы тууралуу маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 27-май күнү түшкөнүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынан дагы тастыкташты. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, кыздын денесине сырттан кароо жүргүзүшкөн. Учурда өлүмдүн себептери аныкталууда.

Кыздын ата-энеси маркумдун денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×