Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 03.06.2019 11:44

Ошто жол тескөөчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек беришти (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын тескөөчүлөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алышты. Бул тууралуу Ош облусу боюнча ЖКККБдан билдиришти.

1-июнь — Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Ош облустук ЖКККБнын кызматкерлери Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак жана Монок айылындагы мектеп-интернаттарга барышып, ал жердеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушту.

Жолугушууда ЖКККБнын кызматкерлери мектеп-интернатка ар кандай азык-түлүк, чарба буюмдарын жана спорттук шаймандарды тапшырышты. Ал эми мектеп-интернатта окуган балдар ЖКККБнын кызматкерлерине өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Мектеп-интернаттын жетекчилиги дагы өз кезегинде келген конокторго ыраазычылыктарын билдиришти.

Мындай иш-чаралар Ош облусунун башка райондорунда да уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×