Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 03.06.2019 14:33

Ошто жарамазан айтып жүргөн балдарды жолбун ит тиштеди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында 2 жаш баланы ит тиштеп, алар ооруканага түшкөн. Бул маалыматты Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 29-май күнү болгон жана ооруканага түшкөн балдар жарамазан айтып жүрүшкөн. Учурда алардын абалы жакшы. Кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Ооруканадан үйүнө чыгууга даярданып жатышат. Ал эми балдарды тиштеген иттин кутурма же кутурма эместиги боюнча бүтүм чыга элек.

Ош шаарындагы жолбун иттер «Ош-Тазалык» ишканасы тарабынан атыларын аталган ишкананын жетекчиси Нурбек Исмаилов билдирди.

«Бизде эки мергенчи бар. Аларга жумасына 400 ок беребиз. Күнүнө ар бири 4-5тен жолбун ит атышат. Алар эртең менен саат 6дан кечки саат 19:00гө чейин иштешет. Түндө ит атууга уруксат берилбейт. Бирок жолбун иттер түнкүсүн чыгат», - деди Н.Исмаилов.

Ал эми Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын башчысы Сүйүн Абдылдаев шаардагы жолбун иттер алардын карамагында эместигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×