Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 03.06.2019 13:37 Жаңыланды: 14.07.2019 11:51 На русском

Койдун жүнүнө алынган шоколаддар: Кайнатасын кучактаган Кенже жеңенин окуясы

Кенже Дүйшембиева
Кенже Дүйшембиева
// Turmush

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы бала бакчанын чарба башчысы Кенже Дүйшембиева.

Дүйшембиева Кенже Ильязовна 1979-жылы 27-октябрда Ак-Тал айылында малчынын үй-бүлөсүндө туулган. Аталган айылдагы орто мектепти окуп бүткөн соң, Бишкектеги коммерциялык экономикалык техникумда билимин жогорулатып, бухгалтер кесибине ээ болгон. Алгачкы эмгек жолун айыл өкмөттө иш кагаздарын жүргүзүүчү адис болуп баштап, ортодон кичи насыялык компанияда иштеген. Өмүрлүк жары Улан Токторов үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнүн фельдшери болуп эмгектенет. Жубайлар 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Учурда «Ак-Тал» бала бакчасында чарба башчысы кызматында иштеп жаткан Кенже жеңе өзү сүйгөн адамына турмушка чыккан.

«Жолдошум Улан менен 2,5 жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курганбыз. Улан мени көп жигиттерден өзүнө тартып алган. Эмнегедир, мен таанышкан балдардын баарынын ысымы Улан болчу. Бирок мен "баары бир өзүмдүн Уланыма тием" дей берчүмүн. Анын үстүнө ата-энем дагы "алыс кетпе, биздин эле айылга келин бол" дешчү. Мен дагы "башкага кетип калсам Улан таарынат го" деп ойлоно берчүмүн. Уландын оор басырыктуулугу жакчу жана мени аябай сүйчү. Жанымдан кетчү эмес. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезде кайним Канат почтачы болчу. Ошол кезде Улан мени "сенин боюң узун, зоотсуң. Күчтүү балдарды төрөп бересиң" деп тамашага салчу.

Мен Бишкекте окуйм, Улан болсо Нарын шаарында окуйт. Каникул учурунда жолугушабыз. Ал күндөр экөөбүз үчүн укмуш романтика менен өтчү. Мен шаардан айылга келген кезде Уландын көчөсүндөгү кыздар "сүйгөнүңүз келди" деп жолдошума сүйүнчүлөп, шоколад алдырып жешчү экен. Бир жолу мага "Сникерс", "Баунти" сыяктуу толтура шоколад алып келди. Бирөөсүн жеп, калганын албайм десем болбой "үйүңө алып бар" деп берип койду. Үйгө алып келсем сиңдилерим сүйүнүп, "эми сиз жебейсиз, биз жейбиз" деп жешкен. Кийин "шоколаддарды каяктан алып келдиң эле?" десем, "үйдө жүн бар экен. Ошолорду дүкөнгө алып барып өткөрүп, шоколад алып келгем" деди. Анын ата-энеси айылда төбөсү көрүнгөн адамдар болгондуктан алардан абдан уялчумун», - деди Кенже жеңе.

Улан мырза фельдшер болгондуктан Кенже жеңе экөө көп жылдар бою Орто-Сырт жайлоосунда жашашкан.

«1998-жылы экөөбүз баш коштук. Биз үйлөнөр жылы апам кайтыш болуп калды. Улан келип үйлөнөлү дегенинен, мен "атам жалгыз калат" деп көнбөй койдум. Анан кайнатам келип, "Кенжеке, биз сени алабыз. Эч жакка кетпе" деп акыл-насааттарын айтышты.

Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин бир жолу көчөдө кетип бара жатсак кайненем алдыбыздан чыга калды. Мен "ий, апаң" деп коркуп кетсем, Улан "экөөбүз үйлөнбөдүк беле, коркпо" деп коет. Биз кайната-кайненемдер менен бирге аз эле жашадык. Жолдошум фельдшер болгондуктан Орто-Сырт жайлоосунда бир топ жыл турдук.

Бир жолу кайнатам "ГАЗ-53" унаасы менен бизди Орто-Сыртка көчүрүп бара жаткан. Ошондо бир тик жерден жол кырсыгына учурап кала жаздаганбыз. Мен отурган тарабына кыйшайып, унаа жыгылчудай болуп бара жатат. Мен кыйкырып, кайнатамды кучактай калдым. Бирок кайра аябай коркуп кеттим. Үйдөн жеңелерим мени "сулуу" деп тергешет», - дейт К.Дүйшембиева.

Бала бакчанын ишинен тышкары үйүндө түймө түйүп, курак курап, кол өнөрчүлүктү кошо ала жүргөн Кенже жеңенин чекесин ат тиштеп алган.

«Атамдар малчы болчу. Көп жылдар бою мал багышты. Жайлоодогу малчылар шерине уюштуруп турушчу. Бир жолу шериненин кезеги бизге келип калып, ал күнү мен кой кайтарганга туура келди. Кой кайтарып келип, атты мамыга байлап, тизгинин ээрдин кашына илейин деп жаткам. Баягы ат башын буруп, мени чекемден тиштеп калса болобу. Ошол ат тиштеген жеримде азыркыга чейин так бар.

Эми үйдө казан-аяк кагышат дегендей, кээде катуу урушпасак деле кыжың-кужуң болуп кетебиз. Мен таарынып, көгөрүп көпкө чейин сүйлөбөй коём. Улан өзү биринчи сүйлөп баштаганда боорум ооруп сүйлөшө баштайм. Таарынып калган кишиге такыр сүйлөбөй койгон адатым бар. Жолдошум фельдшер болгондуктан бизди өзү эле дарылап коёт», - деди Кенже жеңе.

Бала бакчанын тазалыгын кароо, айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу, кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоо, балдардын азык-түлүгүн камдоо сыяктуу чарбалык иштер бүтүндөй мойнунда экенин сезген К.Дүйшембиева ар дайым тактык, жоопкерчилик менен иштейт. Жасап жаткан эмгеги үчүн жогорку сыйлыктарга жетпесе дагы айыл өкмөттүн ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×