Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 03.06.2019 15:45 На русском

Оштогу жол кырсыктан телерадиокомпаниянын кызматкери каза болду. Артында 5 баласы калды

Маркум Замира Таштанбекова
Маркум Замира Таштанбекова

Turmush -  Ош шаарында болгон жол кырсыктан 32 жаштагы келин каза болду. Анын артында 5 баласы калды, деп билдирди аймактык кабарчы. Бул маалыматты Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн дагы тастыкташты.

1-июнь күнү саат 16:00 чамасында Курманжан датка кичи районунда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу уктап кетип, унаа жолдун каршы тилкесине чыккан. Ал өз багытында бара жаткан кичи автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен «Дэу Матиз» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү, ошондой эле кичи автобустагы 2 жүргүнчү Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. «Дэу Матиз» унаасынын жүргүнчүсү — 32 жаштагы келин ооруканадан каза болгон.

Учурда аталган факт боюнча Ош шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Кырсыктан каза болгон 32 жаштагы келин «Ынтымак» коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясынын коммерциялык бөлүмүнүн кызматкери — кесиптик кошуундун төрайымы жана кассир Замира Таштанбекова болгон.

«Ал адамгерчиликтүү, боорукер, шайыр адам эле. Кесиптештеринин арасында кадыр-баркы жогору, өз ишин мыкты билген кызматкер болчу», - деп эскеришти маркумдун кесиптештери.

Замира Таштанбекова 1987-жылы 27-октябрда Ош шаарына караштуу Өзгүр айылында туулган. Эки бир туугандын улуусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×