Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуКара-Суу району 04.06.2019 08:08 На русском

«Кайчы менен башына саям деп»: Жубайлардын чырынан подполковник сабалган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу райондук соту бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча айыпталып жаткан Кара-Суу шаарынын тургуну Майрамбекке (аты өзгөртүлдү, К.М.У.) карата козголгон кылмыш иши боюнча өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Майрамбек үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Ушул жылдын 21-мартында Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук көрсөтүү) камакка алынган.

Ушул жылдын 20-мартында Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө саат 13:30 чамасында Майрамбек мас абалында райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык өкүлү – милициянын подполковниги Маратка (аты өзгөртүлдү, Н.М.Н.) кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда кайчы менен кол салган. Тактап айтканда ал милиционердин бетине согуп, кызматтык кийимин жыртып, чөнтөгүнөн кайчы алып чыгып, аны менен милиционердин башына жана ичине саюуга аракет кылган. Милиционер өзүн коргоп, Майрамбектин колундагы кайчыны алганга үлгүргөн. Бирок Майрамбек колуна кетмен алып, аны менен милиционерди урууга аракеттенген. Кара-Суу райондук соттук-медициналык экспертизанын корутундасына ылайык, милиционер денесинен жеңил жаракат алган.

Соттук отурумда айыпталуучу Майрамбек күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, ал аталган окуядан бир күн мурун аялы менен базардан жолуккан. Жубайынан эмне үчүн маанайы жок экенин сураганда, колуктусу насыя төгүш керек экенин айткан. Ошол учурда Майрамбек жубайына 7 миң 500 сом өлчөмүндө акча берген. Ошондой эле жубайы бирөөнө акча карыз экенин айткан жана Майрамбек андан кутулуу үчүн дагы акча берген. Андан тышкары жубайында ошол учурда 100 сом гана болгондуктан дагы 500 сом кошуп берген. Майрамбек өзү таксист болуп иштерин айтып, окуя болгон күнү 100 грамм спирт ичимдигин ичкенин билдирген. Аялына телефон чалып, сүйлөшүп, үйдө жубайынын иниси бар экенин билген. Бирок үйүнө барып, баласынан «апаңдын иниси кайда?» деп сураганда уулу таякеси Россияга кеткенин айткан. Майрамбек аялына (бир күн мурда берген акчаларды жубайы өзүнүн инисине берди деп) жини келип, аны «эмнеге жалган айттың?» деп айыптаган. Андан кийин баласынан чөнтөк телефонун алып, үйдөн чыгып бара жатканда короодон бирөөнү көрүп калган. Анын сырткы кийимин жыртып, колуна таш алайын деп, бирок кайчыны көрүп калып, колуна кайчы алган. Кийин жабырлануучу качып кеткенде өзү базар тарапка кеткен. Ал жактан таанышына жолукканда гана милиция кызматкерине кол көтөргөнүн билген. Соттук отурумда Майрамбек жубайы менен урушпаганын жана айып пул төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген. Кылган ишине өкүнүп жатканын айтып, соттон жеңилдик берүүнү суранган.

Соттук отурумда жабырлануучу — подполковник Марат 1991-жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келгенин билдирди. Анын айтымында, ал айыпталуучуну тааныбайт. 20-мартта жумушта жүргөндө ага Жамийла (аты өзгөртүлдү, Ж.) аттуу келин телефон чалып, үйүндө күйөөсү эшикти сындырып, тополоң чыгарып жатканын айткан. Бир күн мурда айыпталуучунун кошунасы дагы милиционерге чалып, «Майрамбек чыр чыгарып жатат» деп арызданган. Милиционердин шериги бошобой жаткандыктан ал окуя болгон жерге жалгыз барган. Майрамбектин үйүнө жеткенче Жамийла милиционерге дагы 2-3 жолу чалып, жардам сураган. Марат жубайлардын үйүнө барганда ыйлап жаткан балдарды көргөн жана Майрамбек мас абалда болгон. Ал Майрамбекти тынчтандырууга аракет кылганда айыпталуучу аны уруп жиберген жана «эмне мага асылып жатасың?» деп колундагы кайчы менен башына, ичине саюуга аракет кылган. Милиционер коргонуп жатканда Майрамбектин колунан кайчы түшүп кеткен, бирок ал кетмен алып, аны менен милиционерди урууга аракет кылган. Милиционер короодон качып чыгып, райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалган. Милиция кызматкери барып, алар айыпталуучуну көчөнүн башынан кармашкан. Милиционер соттон айыпталуучуну мыйзам чегинде жазалоону суранды.

Соттук отурумда күбө катары суралган А.С. окуя болгон күнү милиционер Маратты жыртылган кийим менен көрүп, аны шеригине чалып алганча короосуна киргизип, дарбазаны тосуп турганын билдирди. Андан кийин милиционер А.С.дан «Айыпталуучуну кармашып кой!» деп суранган. Бирок милиционер экөө урушуп жаткан жубайлардын үйүнө барышканда Майрамбек качып кеткен болот. Күбө А.С.нын айтымында, айыпталуучу Майрамбек спирт ичимдиктерин ичип алганда дайыма чыр чыгарат, ал эми соо кезинде тынч жүрөт.

Майрамбектин жубайы Жамийла дагы жолдошу тополоң кылып жаткандыктан милицияга чалып, жардам сураганын айтты. Анын айтымында, окуя анын атасынын (Майрамбектин кайын атасынын) үйүндө болгон жана жолдошу милиционерди урганын өз көзү менен көргөн.

Жыйынтыгында 28-май күнү айыпталуучу Майрамбек Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) күнөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) жазаны 2 жыл сыноо мөөнөтүнө алмаштырган жана Майрамбек сот залынан камактан бошотулду. Мындай чечимге жабырлануучу Марат дагы каршы болгон эмес.

Маалымат катары:

Пробациялык көзөмөл

83-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

1. Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жете элек баланын жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×