Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуКара-Суу району 03.06.2019 18:15 На русском

Милиционер айым башкарган унаа 25 жаштагы жигитти сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя тууралуу айтып берди. Видео

Жабырлануучу Нурсултан Саит уулу
Жабырлануучу Нурсултан Саит уулу

Turmush -  Кара-Суу районунда милиция кызматкери (аял киши) унаасы менен 25 жаштагы жигитти сүзүп кеткен. Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу оор экенин аймактык кабарчыга дарыгерлер билдирди.

Окуя 30-май күнү болжол менен кечки саат 19:00-20:00 чамасында Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылындагы Памир көчөсүндө болгон. «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан милиция кызматкери 1994-жылы туулган Нурсултан Саит уулун сүзүп, андан кийин токтогон. Жол кырсыгына күбө болгон Нурсултандын атасы Саит Исаев окуя болгон жерге барып, жол кырсыгы тууралуу айтып берди.

«Мына, менин баламдын каны (унаа жолдогу кандын калдыктарын көрсөтүп). Балам экөөбүз тротуардын жанында жогору көздөй кетип бара жатканбыз. Бир убакта коркунучтуу «тарс» деген үн угулду. Бурулуп карасам, балам унаанын үстүндө жатыптыр. Бул жерде 3-4 унаа турган. Бирок алардын ээлери баламды ооруканага алып барганга чыгынбай коюшту. Бир маалда бир айдоочу "мен алып барам" деп калды. Аңгыча эле жол кыймылынын тескөөчүлөрү келишти. Алар унаанын алдына түшүп, жолду бошотуп берип, бизди ооруканага жеткирип коюшту. Баламды сүзгөн милиция кызматкеринин унаасында жаш балдар бар болчу. Милиционер ошол күнү баламдан кабар алып келген жок», - деди С.Исаев.

Жабырлануучу Нурсултан жол кырсыгы болгон жерден Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Учурда аны жандандыруу бөлүмүнөн нейрохирургия бөлүмүнө которушту.

«Бейтап 30-май күнү кечки саат 20:00 чамасында ооруканага жаткырылган. Нөөмөттөгү дарыгерлер биринчи жардамды көрсөтүшкөн. Оор абалда болгондугуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Башынан жаракат алган. Учурда нейрохирургия бөлүмүнө которулду», - деди Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Уланбек Каримов.

Ал эми жабырлануучу Нурсултандын өзүнүн айтымында, ал атасы менен бирге ооз ачуу үчүн туугандарынын үйүнө бара жатышкан.

«30-май күнү атам экөөбүз самсаканадан 30 даана самса алалы дегенбиз. Анан самса алып, кичи автобус күтүп жатканбыз. 100 метр алыста келе жаткан кичи автобусту токтотуш үчүн ыңгайлуу жер издеп, тротуарда бара жатканбыз. Бир убакта эле унаа сүзүп кетти, андан кийин эмне болгонун эстей албайм», - деди ал.

Нурсултандын апасы аны унаа менен сүзүп кеткен милиция кызматкерине нааразы.

«Кызым мени "балам ооруп калды, облустук ооруканага барып, көрсөтүп келели" деп ооруканага чакырды. "Кан басымым көтөрүлүп кетет" деп коркушуптур. Кабылдамада Белек деген бала бар экен. Андан баламды унаа сүзүп кеткенин билдим. Анан ошол кабылдамада отурсам бир жигит кабылдамадагы дарыгерге "мүмкүн болсо, бейтаптын жаракатын жеңилирээк деп жазып тур" деп жатканын угуп калдым. "Сен кимсиң, кайдан келдиң?" десем, жооп берген жок. Бир убакта "бул дарыгер тууганым, тиги дарыгер дагы тууганым, колуңардан эмне келет?" деп сыртка чыгып кетти. Ал учурда мен шок абалда болчумун. "Жардам бере турчу ким бар?" деп кыйкырып жүргөнбүз. Баламды унаасы менен сүзүп кеткен милиция кызматкери 4 күндөн кийин келди. Ага чейин "кайын энесимин" деп бирөө келген. Туугандары келишкен. Кайын энеси "менин кызым балаңды сүзүп кеткенде сенин жолдошуң бетине бир-эки жолу уруп жибериптир" деди. Жолдошум "андай кылган эмесмин, баланын башынан кан агып жатса, мен аны кайдан карайт элем" деди», - дейт Нурсултандын апасы Сайрагүл Исраилова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Ушул жылдын 30-майында саат 19:30 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 600-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын аймагында Кара-Суу РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштеген 1989-жылы туулган милиция кызматкери 1994-жылы туулган жаранды унаасы менен сүзүп кеткен. Милиция кызматкери аталган бөлүмдө 2011-жылдан бери иштеп келе жаткан. Аталган окуя Ош ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан иликтенип жатат. Учурда иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү техникалык экспертизалар дайындалган. Техникалык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Ал эми соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат», - деди Ж.Ашырбаев.

Ал эми Нурсултанды сүзүп кеткен милиционер айым унааны 40-50 км/саат ылдамдыкта башкарып бара жатканын билдирди.

«Мен ал күнү Памир (көчөнүн аталышы) унаа жолунда бара жаткам. Алыс жакта, жолдун четинде эки адам бара жаткан. Ал жигит (Нурсултан) жолго жакын басып бараткан. Менин артымда келе жаткан унаа "четке чык" деп ишарат кылгандыктан, четке чыкканда ал жигитти сүзүп кетиптирмин. Мен унааны саатына 40-50 км ылдамдык менен эле башкарып бара жаткам. Жигит менин унаамдын алдыңкы айнегине тийип, жерге жыгылды. Учурда ооруканадамын. Мен күнөөмдү мойнума алып, баланын туугандарына жардам берип жүрөм. Жоопкерчиликтен качкан жокмун», - деди милиция кызматкери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×