Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 04.06.2019 10:25

Ошто былтыр адам сатуу боюнча 4 окуя катталган

Turmush -  Ош облусунда 2018-жылы 4 адам сатуу фактысы катталган, деп билдирди аймактык кабарчы.

22-май күнү Ош шаарында адам сатуу маселеси талкууланган. Жыйынга бейөкмөт уюмдардын, кризистик борборлордун өкүлдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн жардамчысы жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышкан.

Талкуу учурунда соңку жылдары жаштардын кулчулукка кабылган фактылары Түркия жана Казакстан мамлекеттеринде көп кезигип жатканы айтылган. Ошондуктан өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов жер-жерлерде түшүндүрүү иштери байма-бай уюштурулуп турушу керектигин билдирди.

Расмий маалымат боюнча, ушул жылдын 5 айында Ош облусунун аймагында адам сатуу фактысы катталган эмес. Ал эми өткөн жылы 4 адам сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин экөө өндүрүштөн кыскартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×