Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 04.06.2019 11:02 На русском

Видео — Ош шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү бузуп жатышат

Бузулуп жаткан көп кабаттуу үй
Бузулуп жаткан көп кабаттуу үй

Turmush -  Ош шаарында А.Масалиев көчөсүндөгү №64 көп кабаттуу үй мэрия тарабынан бузулуп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин аталган үй курулуп жаткан аймакта тектоникалык жарака бар экени айтылган. Ошондуктан Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы аталган көп кабаттуу үйдүн ишин Ош шаардык сотуна өткөргөн. Шаардык сот көп кабаттуу үйдү бузуп, жерди мурунку калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарган. Шаардык соттун чечимин Ош облустук соту да күчүндө калтырган.

Кийинчерээк аталган көп кабаттуу үйдү куруп жаткан «Евростиль» курулуш компаниясынын юристи Сагынбек Чымынов иш Жогорку сотто каралып жатканын айткан.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы А.Масалиев проспектисиндеги көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгы белгилүү болгонун жазган.

Мэриядан курулуш компаниясынын электр булагы өчүрүлүп, аларга курулушту токтотуу боюнча эскертүүлөр берилгенин билдиришкен. Бирок жергиликтүү тургундардын айтымында, андан эч кандай майнап чыккан эмес.

«Бул курулуш мыйзамсыз курулуп жатат. Анткени архитектуралык документтери жок. 2018-жылы чогулган материалдарды Ош шаардык сотуна өткөрүп бергенбиз. Шаардык сот курулуш компаниясына 200 миң сом айып салган. Кийинчерээк алар (үйдү куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү) облустук сотко кайрылышты. Анда дагы соттун чечими биздин пайдабызга чечилди. Учурда 200 миң сом айып пулду төлөшө элек», - деген Экотехинспекциянын Ош шаардык аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×