Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуКара-Суу району 04.06.2019 11:43

Кара-Сууда жоголгон 7 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

// Turmush

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жоголгон 7 жаштагы М.Н. аттуу баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-май күнү саат 23:00 чамасында Төлөйкөн айыл аймагында 2012-жылы туулган М.Н. дайынсыз жоголгон. Туугандары бала Кайырма каналына түшүп кетиши мүмкүн экендигин билдиришип, издөө иштерин уюштурууну суранышкан.

«3-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылып, издөө улантылган. Саат 16:15те Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесинде Кайырма каналынан баланын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×