Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуКара-Суу району 04.06.2019 12:03

Россияда иштеген кара-суулук мигранттар айылына 100 миң сомдук азык-түлүк таратты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун чет өлкөдө иштеген тургундары Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Эркин айылындагы 49 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эркин айылынын активисти Байкал Топчубаевдин айтымында, демилгени Россияда иштеп жүргөн кара-суулук мигранттар көтөрүшкөн.

«Эркин айылында туулуп, өскөн 500дөй адам Россияда иштейт. Бул жактагы тургундардын салымы менен дагы айылдагы 49 үй-бүлөгө ун, май, кумшекер жана башка азык-түлүктөрдү тараттык. Жалпы 101 миң 700 сом акча сарпталды. Мурун биз Россиядагы мечиттерге азык-түлүктөрдү таратып жүрсөк, быйыл өзүбүздүн айылга тараталы деп чечтик», - дейт Б.Топчубаев.

Азык-түлүк алган үй-бүлөлөрдүн арасында жалгыз бой энелер, кары-картаңдар жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар. Кайрымдуулук иши орозо айына карата уюштурулган.

Б.Топчубаевдин айтымында, буга чейин айыл тургундары жана кара-суулук мигрантар үйү толугу менен өрттөнүп кеткен энеге дагы акчалай жардам беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×