Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 04.06.2019 18:17 На русском

Ошто милиция кызматкерлери Орозо айт күнү күчөтүлгөн тартипке өтөт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Орозо айт майрамында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Эртең, 5-июнь күнү Ош облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо үчүн Ош ОИИБдин 834 кызматкери иштейт.

Ош ОИИБдин өздүк курамын күчөтүлгөн тартипке өткөрүүнүн максаты — Орозо айт майрамында жана айт намаз учурунда жер-жерлерде, эс алуучу жана коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×