Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 05.06.2019 08:54 На русском

Ошто жоокерлер көргөзмөгө коюлган советтик унааны кайра жасашты (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндөгү №2065 аскер бөлүгүнүн алдында көргөзмөдө турган унаа айдоо үчүн кайрадан жасалды. Буга чейин ал көргөзмө катары атайын даярдалган жайда турчу, деп билдирди аймактык кабарчы.

№2065 аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин маалыматы боюнча, унаага кошумча тетиктер орнотулуп, аны айдоого мүмкүнчүлүк жаралган. 27-май күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата уюштурулган салтанатка оңдоп-түзөөдөн өткөн унааны дагы айдап барышкан.

«ГАЗ АА» үлгүсүндөгү унаа 1926-жылы чыгарылган.

Маалымат катары:

«ГАЗ АА» жүк ташуучу унаасы америкалык «Форд АА» жүк ташуучу унаанын негизинде жасалган. Аны чыгаруу үчүн СССР «Форд Моторс» компаниясынын лицензиясын сатып алган. Жүк ташуучу унаа сапаттуу жана жөнөкөй болуп, аны оңдоп-түзөө дагы оңой болгон. Америкалык «Форд АА» жүк ташуучу унаанын кабинасы жыгачтан жасалган болсо, «ГАЗ АА» унаасынын кабинасы темирден жасалган. Советтик унаа «полуторка» аталышы менен дагы кеңири таанымал.

фор аа1928-жылы чыгарылган америкалык «Форд АА» унаасы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×