Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Озгон 05.06.2019 09:39

Ош облусунун казысы Өзгөн элин ынтымакка чакырды

Turmush -  Өзгөн шаарынын борбордук мечитинде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев элди ынтымакка чакырды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

21-май күнү Өзгөн шаарынын борбордук мечитинде ифтар уюштурулуп, ага Өзгөн районундагы 19 айыл өкмөттүн ар биринен 10дон адам жана шаардагы мекемелердин кызматкерлери чакырылган. Ооз ачыруу Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага 60 миң сом сарпталган.

Иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев да катышып, орозо кармоонун артыкчылыгы жана интернетте тарап жаткан провокациялык видеолорго көңүл бурбоону айтып, элди ынтымакка чакырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×