Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 05.06.2019 10:00

Ош шаарындагы сейил бактардын коопсуздугу текшерилди

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Мамлекеттик экология жана техникалык инспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери эс алуучу жайларды текшеришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын инспектору Асанбек Мамыраимов билдирди.

Анын айтымында, сейил бактардын ээлерине аттракциондордун абалы, техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Негизинен техникалык, өрт, энергетикалык, экологиялык мыйзамдардын талаптарын аткарууда жана жашы жете элек балдардын эмгегин коргоо жаатында түшүндүрүү иштерин алып бардык», - деди А.Мамыраимов.

Буга чейин А.Навои сейил багында крандын көтөргүчү жерге кулап, эки киши жаракат алган.

Күбөлөрдүн айтымында, крандын көтөргүчүндө 2 адам болгон. Алар дарактарды бутап жатышкан. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барып, жабыркагандарды ооруканага алып кетишкен.

Крандын көтөргүчүнүн жанынан өтүп бара жаткандар зыян тартышкан эмес. Көтөргүч 3 жаштагы бала өткөндөн кийин сынган.

А.Навои сейил багы мэрия тарабынан «Балдар келечеги» ЖЧКсына 2021-жылга чейин ижарага берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×