Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 05.06.2019 10:40 На русском

Ош шаарында 100 миңдей адам Айт намазын окушту (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы 42 мечитте 100 миңге чукул адам Айт намазын окушту. Бул тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, Айт намазы Ош шаарынын борбордук аянтында эмес, мечиттерде окулду.

«Ош шаарында Айт намазы эртең мененки саат 7:30да окулду», - деди шаардын казысы.

Ош шаарында соңку 2 жылдан бери Айт намазы борбордук аянтта окулбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×