Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуӨзгөн району 05.06.2019 16:17 На русском

Сүннөткө отургузулган баланын жыныс мүчөсү күйүп калганбы? Дарыгер менен эненин жообу

Сүннөткө отургузулган бала
Сүннөткө отургузулган бала

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда дарыгерлер 6 жаштагы баланы сүннөткө отургузуу учурунда жыныс мүчөсүн күйгүзүп алышкан деген маалымат жалган. Бул тууралуу Өзгөн районунун Мырза-Аке жалпы дарыгердик практикалык борборунун жетекчисинин орун басары Мирбек Ботоханов билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарга 27-май күнү Өзгөн районунда 6 жаштагы баланы сүннөткө отургузуу учурунда жыныс мүчөсүнүн учун лазер менен күйгүзүп алышкан деген жалган маалымат тарап кеткен.

«Сүннөткө отургузуу оюн эмес, бүгүн сүннөткө отургузулган бала эртең эле басып кетпейт. Дене кесилгенден кийин 1 жуманын ичинде калыбына келет. Жаш баланын туугандары ачууга алдырбай, сабыр кылып турушса болмок. Бизде лазер менен сүннөткө отургузуу жабдыктары жок. Андай аппарат чоң шаарларда гана болот. Учурда баланын абалы жакшы. Дарыгерлер кабар алып, керектүү дары-дармектер берилип жатат», - деди М.Ботоханов.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

6 жаштагы баланын апасы Канышай Калыкбердиева сүннөткө отургузулган уулунун абалы 2 күн бою өзгөрүүсүз болгондуктан анын бир тууган агасы тынчсызданып, маалыматты социалдык тармактарга жайылтканын билдирди.

«Баламдын ден соолугуна эч кандай зыян келтирилген эмес. Маалымат такталбай, башкалар тарабынан тарап кеткен. Учурда эртең менен жана кечинде (уулумдун жыныс мүчөсүн) марганцовка менен чайкап жатабыз. Жарасы сыйрылып, сакайып калды. Дарыгерлерге доом жок», - деди К.Калыкбердиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×