Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуНоокат району 05.06.2019 15:17 На русском

Ноокатта 3 кабаттуу оорукананын курулушу башталды

Turmush -  Ноокат районунун Ынтымак айылында 3 кабаттуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жоробеков билдирди.

Курулуш иштерине айыл өкмөттөн 1 млн сом бөлүнгөн. Ал эми калган чыгымды араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлор каржылоодо. Оорукана заман талабына ылайык курулуп, жаңы жабдуулар менен камсыздалат жана 30 адамга жумуш орун түзүлөт. Ал эми эски оорукананын имараты учурда бала бакча үчүн берилген.

Ынтымак айылы райондун борбору — Ноокат шаарынан 64 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×