Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 05.06.2019 16:45 На русском

Сүрөт — Оштун райондорунда Айт намазга канча киши катышты?

Turmush -  Бүгүн, 5-июнда Алай районундагы Марифхан уулу Жолборскан ажы атындагы борбордук мечитке 2 миңден ашуун адам Айт намазын окуү үчүн келишти. Бул тууралуу Алай районунун имамы Тилдебай Кадыров билдирди.

Анын айтымында, Айт намазга райондогу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар таңкы саат 5тен баштап келе башташкан.

Ал эми Өзгөн шаарында жалпысынан 11 мечитте Айт намазы окулду.

Кара-Суу районунун борбордук мечитинде дагы Айт намаз 2 миңден ашуун адамдын катышуусунда окулса, Чоң-Алай районундагы Айт намаз 6 мечитте окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×