Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 05.06.2019 17:22

Сүрөт — Оштогу Сулайман-Тоо мечитинде 10 миңдей адам Айт намазын окушту

Turmush -  Бүгүн, 5-июнь күнү Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитине 10 миңге чукул адам Айт намазын окуу үчүн келишти, деп билдирди Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Айт намазга мэр Таалайбек Сарыбашов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев дагы катышты.

Намаз убактысына чейин Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Айт намазынын маанисин түшүндүрүп, ыймандуулук, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баян жасады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×