Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуНоокат району 05.06.2019 19:36 На русском

Видео — Ноокаттагы сел «Жигулини» агызып кетти

Turmush -  Ноокатта сел жүрүп, «Жигули» унаасын агызып кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалыматка караганда, сел бүгүн, 5-июнь күнү Ноокат шаарында жүргөн жана турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Буга чейин Turmush басылмасы Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Боз-Адыр айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөнүн жазган.

Селдин ортосунда калган баткендик жигит видео тартууга жетишкен.

Ал: «Бул жерде сел катуу жүрүп жатат. «Портер» унаасын да агызды. Өзүм болсо агып кетпейин деп тытты кармап турам», - деген видео тартып жатып.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×