Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуНоокат району 06.06.2019 09:49 На русском

Видео — Ноокаттагы селдин кесепеттери

Turmush -  Кечээ, 5-июнь күнү Ноокат районунун бир катар аймактарында сел жүрдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тактап айтканда, саат 14:30да катуу жааган жаандын кесепетинен Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Гүлистан, Т.Зулпуев айыл өкмөттөрүндө жана Ноокат шаарында сел жүргөн.

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылындагы Найман каналынын 15 метри сел агызган калдыктарга толуп калган. Тескей участкасындагы 4 турак үйдү жана Артыков көчөсүндөгү 9 турак үйдүн короосун сел каптаган. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан бир экскаватор тартылган.

Ошондой эле Гүлистан айыл өкмөтүнүн имаратынын жер төлөсүнө суу кирген. Фрунзе айылынын Шаназаров көчөсүндөгү 5 турак үйдүн жер төлөсүн жана 9 үйдүн короосун суу каптаган. Турак үйлөрдүн ээлери жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери тарабынан селдин калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ноокат шаарында медициналык борбордун жер төлөсүн да суу каптаган. Сууну сордуруу үчүн №71 өрт өчүрүү бөлүмүнүн 1 унаасы пайдаланылды.

Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн Үч-Бай айылында сел суулары сайдын нугу менен агып, зыян келтирилген эмес. Бирок 4-июнь күнү саат 18:00 чамасында Үч-Бай айылында 2 турак үйдүн короосун жана Ак-Чабу айылында ички унаа жолдун 500 метрин сел каптаган.

Селдин кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жеринде тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жалпысынан ӨКМдин 20 куткаруучусу тартылган.

Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 6-июнь күнү дагы уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×