Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуНоокат району 06.06.2019 10:33

Ноокатта 45 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу башталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районунун Челекчи айылында башталгыч класстын окуучулары үчүн 4 бөлмөлүү мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жоробеков билдирди.

26-май күнү аталган мектептин пайдубалына капсула салынган. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары — Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Сайдолимжон Жураев (КСДП), жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышкан.

4 бөлмөлүү мектепте жалпысынан 45 окуучу билим алат. Мектептин курулушуна сарпталган чыгымды араб өлкөлөрүнөн келген инвесторлор каржылоодо жана ал заман талабына ылайык курулуп, жаңы эмеректер менен камсыздалат.

Буга чейин Челекчи айылындагы окуучулар коңшу айылдардагы 3-5 чакырым алыстагы мектептерге каттап окуп келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×