Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуАраван району 06.06.2019 15:51 На русском

Араванда селдин кесепетинен каналдар таштанды, ылайга толду (видео, сүрөт)

Turmush -  Араван районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Араван-Сай каналынын жээгиндеги дарактарды тамыры менен коңторуп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири Канат Зулимов аймактык кабарчыга билдирди.

Кечээ, 5-июнь күнү катуу жааган жамгырдан улам Араван районуна караштуу А.Анаров, С.Юсупова жана Нур-Абад айыл өкмөттөрү аркылуу өткөн Араван-Сай каналында суунун деңгээли көтөрүлгөн.

Канат Зулимовдун айтымында, селдин кесепетинен Араван-Сай каналы ар кандай таштандыларга жана дарактардын бутактарына толуп калган. Ошондой эле А.Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Коммунизм, Беш-Карам, Маданият айылындагы суу каналдарга ылай толду.

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевдин айтымында, башка зыян болгон эмес.

Араван-Сайдагы сел 150 куб метрди түзгөн.

Буга чейин Turmush басылмасы кечээ, 5-июнь күнү Ноокат районунун бир катар аймактарында сел жүргөнүн жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×