Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 06.06.2019 12:32 На русском

Оштогу «багы ачылбаган» лагердин талашка түшкөн тагдыры. Видео

«Жаштык» лагери
«Жаштык» лагери

Turmush -  Ош шаардык мэриясы муниципалдык менчикте турган «Жаштык» лагерин жеке ишкерлерге ижарага берүү үчүн сынак жарыялаган. Бирок көп өтпөй мэриянын басма сөз кызматы сынактын токтотулганын билдирген. «Жаштык» лагерин жеке ишкерге ижарага берүүгө шаар тургундары нааразы болгондуктан, мэрия журналисттерди «Жаштык» лагерине чакырып, жеринде маалымат берген.

Бирок мэриянын басма сөз кызматынын катчысы Азамат Абсаттаров менен вице-мэр Жасур Азимовдун журналисттерге берген интервьюсу бири-бириникине дал келбей калган. Тактап айтканда А.Абсаттаров сынак токтотулганын билдирсе, вице-мэр сынак расмий түрдө уланып жатканын айткан.

Вице-мэр Ж.Азимов: «Мамлекеттин жери эч качан сатылбайт. Мамлекетик-жеке өнөктөштүк деген бар. Ошонун негизинде биз ишкерлерди "сынакка катышкыла, бизнес долбооруңарды көрсөткүлө" деп жатабыз. Бул лагерди оңдоо үчүн жок дегенде 300 млн сомдой акча кетет. Биз сынакты 3-июнга жарыялаганбыз. 1 жылга ижарага берилет, бирок жеке ишкерлер келе элек. Сынак жарыялангандан кийин коомчулукта туура эмес маалыматтар тарап кеткени үчүн сынакты убактылуу токтоттук. Бирок расмий түрдө сынак дагы деле күчүндө. Башкы план боюнча бул жайда окуу борбору курулуш керек деп көрсөтүлгөндүктөн, биз башка багытка бере албайбыз», - деген.

Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров сынак токтотулганын жана муну менен мэрдин позициясын билдирип жатканын айткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары лагерь 49 жылга ижарага берилсе, андан ары жеке менчикке өтүп кетиши мүмкүн экенин жазышкан.

Ал эми Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаарындагы төрагасы Абдыкалык Балтабаев лагерди жаңылап койгонго мэриянын эле күчү жетет деп эсептейт.

«Лагерди ардагер мугалимдер ашар жолу менен курушкан. Ижарага берүү туура эмес. Жеке ишкер короткон акчасын чыгаруу үчүн балдардын эс алуу акысын кымбаттатса башка ата-энелер ал бааны каржылай алышпайт. Мэриядагылар өздөрү "инвестор сарптаган акчасын 10 жылда да актай албайт" деп айтып жатышат. Шаарда 74 миң окуучу болсо, эс алуучу лагерден экөө эле. Анын бири — "Жеткинчек" лагери 250 балага ылайыкташып, облустук болуп саналат. "Жаштык" лагерине 3 топ менен 600 бала эс алып кетсе болот эле. Учурда бала бакчаларды, мектептерди куруп жатышат. Бир бала бакчанын ордуна лагерди оңдоп коюшса жакшы болмок. Лагерди сактап калуу үчүн ушул убакка чейин аракет кылдык. Лагерди мэрия, өкмөт эле жаңылап, ал элдики болуп калышын каалайбыз», - дейт Абдыкалык Балтабаев.

Буга чейин «Жаштык» лагерин ижарага берүү боюнча сынактын шарттары мэриянын гезитине жарыяланган.

«Ош шаарындагы «Жаштык» лагерин ижарага берүү боюнча сынак токтотулду. Буга чейин сынак жарыяланганы чын ал «Ош шамы» гезитине жарыяланган. Бирок 25-майда атайын комиссиянын чечими менен сынак токтотулган. Ушул жылдан баштап лагерь оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө баштайт», - дейт мэриянын басма сөз кызматынын башчысы А.Абсаттаров.

«Жаштык» лагери 1964-жылы курулган. 2016-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кабыл алына баштаган. Бирок лагердин эмне себептен иштебей калгандыгы боюнча расмий маалымат жок. Лагердин жалпы аянты 5,5 гектар жерди түзөт.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы «Жаштык» мамлекеттик балдар лагери быйыл дагы балдарды кабыл албай турганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×