Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 06.06.2019 15:12

Келишим түзгөн адам эл аралык издөөдө, - чет элдик компаниядан акча доолаган ишкерлер. Видео

Чет элдик компания менен келишим түзгөн ишкерлер
Чет элдик компания менен келишим түзгөн ишкерлер

Turmush -  Ош—Исфана—Баткен жолунун 75-чакырымынан 108-чакырымына чейинки унаа жолго асфальт төшөө иштери боюнча өткөрүлгөн тендерди түркиялык «Чакыр Япы Санайи ве Тижарет» компаниясы утуп алган. Курулуш иштери 2017-жылдын сентябрь айында башталып, 2019-жылы бүтмөк. Бирок чет элдик компания менен келишимдин негизинде иш алып барган ишкерлер өздөрүнө тиешелүү акча каражатын алышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнь күнү «Чакыр Япы» компаниясы менен келишимдин негизинде кызматташкан ишкерлер АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Аталган чет элдик компания менен кызматташкан жеке ишкерлердин бири Советбек Байсалбеков бүгүнкү күнгө чейин эмгек акысын албай жүргөнүн билдирди.

«Мен 1 техникамды ижарага берип, өзүм дагы ошол жолдун курулушунда иштегем. 2017-жылдын сентябрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин иштегенбиз. Бирок ошондон бери акча берген жок. Азыр чет элдик компаниянын Кыргызстандагы өкүлү абакта экен деп угуп жатабыз», - деди С.Байсалбеков.

Дагы бир ишкер Советбек Абдраимовдун айтымында, чет элдик компания менен курулуш иштери соңуна чыкканга чейин деп келишим түзүлгөн. Ошондой эле 40 күн сайын эмгек акы төлөнүп берилмек.

«33 км жолду курган компанияга күйүүчү май ташыгам. Мени менен компаниянын бир өкүлү келишим түзгөн, бирок ал адам бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатат. Биздин угушубузга караганда, ал адам эл аралык издөөдө экен. Буга чейин ага Өзбекстан дагы издөө салган деген маалыматтар бар. Бул маселе боюнча Баткен облусунун сотуна кайрылганбыз. Соттук отурум 3 жолу болду. Бирок компаниянын өкүлдөрү сотко бир жолу дагы басып барышкан жок. Кийин "биз Бишкек шаарында катталганбыз, ишти Бишкек шаардык соту карашы керек" деп компаниянын юристи кат жөнөтүптүр. Андан сырткары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына кайрылганбыз. Учурда компания жеке мага 600 миң сом карыз. Биз банктан насыя алып, иштейбиз. Ошондой эле бул маселе боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине да кайрылдык. Бирок канааттандырарлык жооп жок. Биз эми Ак үйгө кайрылабыз. Андан да майнап чыкпаса, ошол унаа жолго барып отуруп алабыз», - дейт С.Абдраимов.

«Чакыр Япы» компаниясына 2 экскаватор, 1 суу ташуучу унааны ижарага берген ишкер Рустамбек Равшанбеков дагы өзүнө тиешелүү акчаны ала албай жүргөнүн билдирди.

Ишкер Нурбек Топчубаев дагы аталган компания ага 200 миң сом карыз экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×