Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 06.06.2019 15:42 На русском

Түндөгү окуя: Ошто белгисиз адамдар 15 түп даракты кыйып кетишти. Сүрөт

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар Көкүм бий көчөсүндөгү жана Кулатов кичи районундагы дарактарды кыйып кетишкен, деп билдирди аймактык кабарчы.

Болжол менен түнкү саат 1:30да белгисиз жарандар балта менен дарактын түбүн чаап жаткан видео социалдык тармактарга дагы тараган.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынан дарак кыюуга уруксат берилбегендигин билдиришти. Башкармалыктын инспектору Асанбек Мамраимов учурда аталган окуя боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын айтты.

«Көкүм бий көчөсүндөгү жана Кулатов кичи районундагы дарактардын кыйылышы боюнча тиешелүү кызматкерлер иш алып барууда. Бизге жашоочулардан дарактардын кыйылгандыгы жөнүндө кат келип түштү», - деди А.Мамраимов.

Башкармалыктын экологу Адылбек Матисаков дарактардын мыйзамсыз кыйылганын белгиледи.

«Биз аймактык кеңештен түшүнүк кат алдык. Азырынча териштирүү иштери жүрүп жатат. Көкүм бий көчөсүндө 6 дарак кыйылса, Кулатов кичи районунда 7 дарак кыйылган. Дарактардын диаметри ар кандай. Кыйылгандардын арасында диаметри 40 см, 20 см болгондору бар», - деди А.Матисаков.

Буга чейин А.Навои көчөсү менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарактар кыйылганы үчүн 40 миң сом айып пул салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×