Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуНоокат району 06.06.2019 17:27 На русском

Ноокаттагы каналдан аял кишинин денеси табылды. Ромб формасындагы алтын сөйкөсү бар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ноокат районундагы Сапарбаев атындагы каналынан аял кишинин денеси табылды. Милиция анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

30-май күнү саат 17:00 чамасында Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү Каранай айылы аркылуу агып өткөн каналдан болжол менен 45-50 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган.

Каза болгон аялдын өзгөчө белгилери: үстүңкү тиштери жок, астыңкы тиштери бүтүн, бою 150-160 см, чачынын өңү ак, кулагында ромб формасындагы алтын сөйкөсү бар.

Аял кишинин качан каза болгондугун аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Каза болгон аялды таанып-билгендер болсо 0778 72 99 27, 03230 5 21 02 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×