Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 07.06.2019 13:00 На русскомНа русском

«Бишкекте да силерге окшогондор отургандыр»: Оштун мэри жетекчилерди жээриди

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев

Turmush -  Ош шаардык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошевге сөгүш жарыяланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 7-июнь күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өтүп жатат. Жыйында шаардагы бир катар мекеме-ишкананын жетекчилери сынга кабылды.

Вице-мэр Жасур Азимов Ош шаарында мыйзамсыз курулган имараттар көп экенин билдирди. А.Жолдошев учурда Ош шаарынын деталдуу пландоо долбоору бүтө электигин айтты. Ал Бишкек шаарынын дагы деталдуу пландоо долбоору бүтө элек экенин кошумчалады.

Сөзгө аралашкан мэр Таалайбек Сарыбашов: «Бишкек шаары чоң болушу мүмкүн. Бишкекте да силерге окшогондор отургандыр. Отуруп алып акча жасап жатасыңар. Бул тармакта жылыш жок. Сиз кайсы окуу жайды бүтүргөнсүз?», - деп суроо узатты.

А.Жолдошев: - Оштон эле бүткөм.

Мэр: - Эмне үчүн ашык адам иштетип жатат? Маалым катта дагы жазылып турат. Шаарда мыйзамсыз курулуштар көп курулуптур. Буга ким жооп берет?

А.Жолдошев: - Биз өзүбүздүн функционалдык милдеттерибизди аткарып жатабыз.

Мэр: - Урматтуу Ажимурат мырза, ошончо адам менен жакшы иш алып бара албай жатасыңар.

Мен башчыңарды айтсам, силер «жакшы экенбиз» деп ойлоп албагыла. Силер башкармалыкта эки-үчкө бөлүнүп алыптырсыңар. Жетекчиңер башка, орун басарлары башка саясат жүргүзөт экен. Ажимурат мырза, мындай болбойт. Карагыла, оңдогула, иштегиле!

Ажимурат Жолдошев, мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кетти. Элдин нааразычылыгы күчөдү. Сиз трибунага чыгып, «кетүүгө даярмын» дедиңиз. Мен ордуңузда болгондо кетип калмакмын. Орустарда «Жигит мактанып кетпейт, жасай албаганы үчүн кетет» деген сөз бар. Мындай сынды уккандан көрө кызматтан кетип калыш керек. Архитектура башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыялансын.

Ал эми Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жумушуна шалаакылык мамиле жасап жатышканын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардагы архитектура жана экотехинспекциянын кызматкерлеринин үстүнөн 9 кылмыш иши каралууда.

«Ош шаарында 600 миңдей калк жашайт. Биздин башкармалыкта 30 гана кызматкер иштейт. Силер көп иштерди бат эле прокуратурага өткөрүп жибересиңер. Аны бизге чейин жеткирбей, өзүңөр деле бүтүрсөңөр болот. Мыйзамда шалаакылык беренеси бар. Түз кылмыш жана кыйыр кылмыш деген бар. Жетекчилер кыйыр кылмышка өтүп алгандай. Бөлмөсүндө отурушат, кат келсе жооп берип коюшат», - деди прокурор.

Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынына мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринен тышкары Ош шаарынын вице-мэрлери, шаардык соттун төрагасы Кадырбек Матисаков, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Муратбек Боронов жана аймактык кеңештин төрагалары дагы катышууда.

Жыйындын алкагында мэр Т.Сарыбашов райондук электр тармагы ишканасынын башчысы Бектемир Токторбаевди да сындады.

«Жаңы ишке келип эле сени кызматтан алсам туура эмес болуп калат. Жаш экенсиң, "бала-чака багат" деп жумуштан алган жокмун. Жакында элдик жыйын болот, ошондо сын айтылса, арызыңарды жазып, кеткиле», - деди мэр.

Андан тышкары Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси дагы сынга кабылды.

«Бишкектеги кичинекей соода борбордон эле 350 миң доллар пайда таап жатышат. А бизде чоң шаардан 30 млн сом ижара акысын чогултуп жатасыңар. Силерге 150 млн сом десек чогулта аласыңар. Болгону өзүңөр кызыкдар эмессиңер», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×