Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 07.06.2019 15:08

Алмата—Ош—Алмата учак каттамы ачылды (сүрөт)

Turmush -  «Ош» эл аралык аэропортунда Алмата—Ош—Алмата багыты боюнча жаңы каттам ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 7-июнь күнү Алмата—Ош—Алмата жаңы учак каттамы салтанаттуу түрдө ачылып, Алматадан Ошко 64 жүргүнчү учуп келди. Алардын катарында Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Казакстандын Оштогу консулу Данияр Атанов жана «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчиси Талант Ысаков дагы бар.

Буга чейин Алматадан Ошко улуттук кийим кийип учуп келген жүргүнчүлөр үчүн сынак жарыяланган. Бүгүн улуттук кийимчен 4 жүргүнчүнүн алгачкы каттамы акысыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×