Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуСокулук району 12.07.2019 23:11 На русском

Элдик уламыш: Сокулуктагы Орок айылынын аталышы кайдан келип чыккан?

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу Орок айылынын аталышы Орок аттуу кишинин ысымынан коюлган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл аксакалдарынын бири Назар Калдыбаев билдирди.

Ал аталган айылда 73 жылдан бери жашап келе жатат.

«Бул Орок айылы көп улуттуу айыл. Мен ушул айылда төрөлүп, ушул айылда өстүм. 1929-жылы колхоз болуп түзүлгөн. Ошол мезгилде ушул тегерек четтеги талаа-түздү иштеткен мээнеткеч Орок деген киши болгон экен. Колхоздун атын кандай кылып коелу деп элден кеңеш сураганда, алар ушул Орок деген кишинин атынан коюуну суранышкан. Ошентип Орок айылы болуп калды. Кийин Орок айыл өкмөтү түзүлгөндө бул жер Төмөнкү Орок айылы болуп аталып калды.

Айылда №69 мектеп бар. Анда окуучулар 8-класска чейин билим алышат. Айыл шаарга жана башка айылдарга жакын болгондуктан окуучулар башка мектептерде билимин улантышат. Айылда бала бакча, маданий клуб жок. Спорт аянтчасы жаңыдан курулуп баштады», - деди ал.

Орок айыл өкмөтүнө Жал, Жогорку Орок, Төмөнкү Орок, Калтар, Кашка-Баш, Плодовое, Сарбан, Селекция айылдары карап, жалпы 2500гө жакын кожолук, 9 миңден ашуун адам жашайт. Төрт кирпич заводу ушул аймакта курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×