Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуАлай району 08.06.2019 12:37 На русском

Жубайлар: 10 кыздуу болгон ата жана 19 жашында турмушка чыккан баатыр эненин жашоосу (сүрөт)

Саит Камалов жана Дамира Алиева
Саит Камалов жана Дамира Алиева

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылынын 49 жаштагы тургуну Дамира Алиева 4 кызын турмушка узатып, учурда 6 кызын тарбиялап жатат. Баатыр эне менен аймактык кабарчы маектешти.

Дамира айым «уул төрөйүн» деп кыздарына Жаңылай, Улайым, Бурмакан деген ысымдарды ыйгарган. Бирок кудайдын буйругу менен 10 кыздуу болгонун айтты.

«Мен 19 жашымда турмушка чыккам. Кудайдын буйругу экен, уул бала берген жок. Ошентсе да биз бактылуу ата-энебиз. 30 жыл чогуу жашасак дагы жолдошум "уул төрөгөн жоксун" деген жок. 10 кызым 10 уул төрөсө, алар мага да уул болот», - деди Дамира айым.

Анын айтымында, кайын энеси жана кайын атасы дагы «уул төрөбөйсүң» деп айтышкан эмес.

«Алты неберем бар. Кыздарымдын аралыгы эки жаш. 2007-жылы 37 жашымда "Баатыр эне" наамын алдым. Бала чоңойтууда кыйналган жокпуз. "Ар бир бала өзүнүн ырыскысы менен төрөлөт" деген сөздүн чындыгы бар. Башында бир аз кыйналсам, кийин кыздарым чоңоюп, өздөрүн өзү чоңойтушту. Кыз деген боорукер, ата-энеге жакын болот экен. Азыр үй жумуштарын кыздарым эле жасайт», - деди баатыр эне.

Ал эми Дамира айымдын жолдошу — 10 кыздын атасы Саит Камалов уулу жок экенине өкүнбөгөнүн айтат.

«Мен дүйнөдөгү эң бактылуу атамын. Кудайдын буйругу экен, 100 уулга тете болгон 10 кызым бар. Жумуштан келсем 10 кызым он жагыман чыгып, чарчаганымды унуттурат. "Кыз бала атасына жакын болот" деп коёт эмеспи. Кыздарым менин байлыгым, көзүмдүн кареги. "10 кыздын атасы" деген статус, наам ар бир атада деле боло бербесе керек. Мен кыздарым менен сыймыктанам», - деди С.Камалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×