Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 08.06.2019 14:08 На русском

Видео — Ошто эгиз балдардын майрамы белгиленди

Turmush -  31-май күнү Ош шаарындагы №66 «Жомок» бала бакчасында эгиздер майрамы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык салтанат жыл сайын 31-май күнү Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп келет. «Жомок» бала бакчасынын директору Бегайым Сабиралиеванын айтымында, учурда аталган бала бакчада 18 эгиз бала тарбияланып жатат.

«Эгиздердин майрамы 2012-жылдан бери майрамдалып келет. Эгиздер башка балдарга салыштырмалуу жини бат келет, бирок бир тууганына мээримдүү болот. Эгиздердин экөө тең уул же кыз болсо, алар бирге ойнойт. Ал эми алардын бирөөсү уул же кыз болсо, бири-бири менен көп ойнобой, башка балдар менен кошулуп, ойношот», - дейт Б.Сабиралиева.

Салтанатка эгиз балдардын ата-энелери жана жакындары катышкан. Бөбөктөр ырдап, бийлеп, өз өнөрлөрүн көрсөтүп, аларга баалуу белектер тапшырылды.

№66 «Жомок» бала бакчасы 30 жылдан бери иштеп келет. Учурда бала бакчада 18 эгиз бала жана 600гө жакын бөбөк тарбияланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×