Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 08.06.2019 15:31

Оштогу жетекчилер жаш балдардан кабар алды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош облусунда «Балдарга мээрим» жумалыгы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган жумалык 1-июндан 7-июнга чейин өткөрүлгөн. Анын алкагында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев балдар үйүнө, онкологиялык ооруканаларга барса, акимдер жана айыл өкмөт башчылар кароосуз калган, жетим, өнөкөт жана айыкпас оорудан жабыркаган балдардан кабар алышты.

«Бул жылы "Балдарды коргоо күнү" ыйык Рамазан айына дал келди. Ошондуктан орозо айынын акыркы жумасын балдарга арналды», - деген Узарбек Жылкыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×